Биз социалдык тармакта

"Мен деген гвардиячымын да!" Каракол шаарынын мэри тургундар үчүн палоо басты (видео)

Видеодо Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов "Восход" кичи районунун тургундары үчүн палоо басып жатканын көрүүгө болот.

Бул иш-чара жаңыдан оңдоп-түзөөдөн өткөн төрт короонун ачылышына карата уюштурулган.

"Үй-бүлөдө эң мыкты палоону мен жасайм. Мен деген гвардиячымын да! Палоо басканды армияда жүргөндө үйрөнгөм", - деди Иманов.

Жумуш иштери аяктагандан кийин короолордо тургундар үчүн сый тамак уюштурулуп, майрамдык дасторкон жайылды. Негизги тамак катары Талантбек Иманов өзү даярдаган палоо тартууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан