Бүгүн, 27-сентябрда Даурен Косанов Казакстандын коргоо министри кызматынан бошотулду. Тешелүү жарлыкка Казакстан президент Касым-Жомарт Токаев кол койду.
"Мамлекет башчысынын жарлыгы менен Даурен Жуматаевич Косанов Казакстандын коргоо министри кызматынан бошотулду", - деп айтылат коңшу өлкөнүн президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Айта кетсек, Косанов аскердик машыгуу учурунда каза тапкан жоокерлердин жакындарынан кечирим сураган.