Биз социалдык тармакта

Казакстандын коргоо министри каза тапкан аскерлердин жакындарынан кечирим сурады

Казакстандын коргоо министри Даурен Косанов Мангистау облусундагы аскердик машыгуу учурунда курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө барганын казак басылмалары жазышты.

Министр маркумдардын жакындарына терең кайгыруусун билдирип, көңүл айткан.

"Бардык куралдуу күчтөрдүн атынан кечирим сурайм. Бул тек гана сиздердин эмес, жалпы казак элинин кайгысы. Күнөөлүү адамдардын бардыгы жазасын алат. Кечириңиздер", - деген Косанов.

Маалыматтарга караганда, министр аларга ар тараптуу жардам жана зарыл колдоо көрсөтүлөрүн айткан.

Эске салсак, 24-сентябрда Каспий деңизинде окуу-күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу учурунда күтүүсүз бороон жана катуу шамалдан улам 17 аскер кызматкери деңизге агып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 14 аскер каза болгон.

Каза болгон жоокерлерге байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 25-сентябрды жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган.



Казакстандын коргоо министри каза тапкан аскерлердин жакындарынан кечирим сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан