Бүгүн, 30-сентябрда Японияда өтүп жаткан Азия ондарында кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге тагынды.
Ал үчүнчү орун үчүн беттеште түштүк кореялык атаандашын далысын жерге басуу менен жеңди. Тушеге чейин 7:1 эсебинде алдыда келе жаткан. Жуманазарова 68 килограмм салмакта күрөштү.
Балбан кызыбыз буга чейин жарым финалда Түндүк Кореянын өкүлүнө утулуп калган. Чейрек финалда өзбекстандык атаандашын жеңген.