Японияда өтүп жаткан XX жайкы Азия оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашын жеңди.
Ал бүгүн, 30-сентябрда 68 килограмм салмак ченинде килемге чыгып, өзбекстандык Фируза Эсенбаеваны далысын жерге басуу менен жеңип алды. Жуманазарова таза жеңишке чейин эсепти 7:0 кылып, алдыда келе жаткан.