Биз социалдык тармакта

Пакистандын Ооганстанга жасаган соккусунан 9 адам каза болду

Пакистан аскерлери Ооганстандын аймагына абадан сокку урушту. Анын кесепетинен 9 адам каза болуп, 11 адам жаракат алды. Бул тууралуу 1-октябрда Ооганстандын маалымат министринин орун басары Забихулла Муджахид билдирди.Анын айтымында, соккулар Кунар провинциясынын Чугам жана Гильменд провинциясынын Сафар аймактарындагы турак үйлөргө жасалган. Каза болгондордун арасында аялдар жана балдар да бар. Ошондой эле үч турак үй талкаланган.

Бул окуя Пакистан менен Ооганстандын мамилеси кайрадан курчуп жаткан учурда болду.

Эске салсак, 24-сентябрда Пакистан Ооганстандын аймагындагы учкучсуз учактарды учуруу жана сактоо үчүн колдонулган 10 объектке абадан сокку урган. Исламабад бул аракетти 23-сентябрда Ооганстандан Пакистанга учкучсуз аппараттар учурулганына жооп катары түшүндүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан