Биз социалдык тармакта

Пакистан армиясы Ооганстандын Кандагар шаарына сокку урду

Бүгүн, 24-сентябрда Пакистан армиясы Ооганстандын Кандагар шаарындагы дрондорду учуруу жана сактоо үчүн колдонулган объекттерге сокку урганын өлкөнүн маалымат министри Аттаулла Тарарга таянып чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.

Анын айтымында, бул Ооганстандан жасалган дрон чабуулуна жооп болгон. Пакистан бийлиги соккуларда аскердик инфраструктура жана "террористтик жайлар" бутага алынганын билдирди.

Ооганстандын маалымат министринин орун басары Забихулла Мужахид Кандагарда жардыруулар болгонун, бирок соккулардан олуттуу зыян келтирилбегенин айтты.

Ооган бийлиги буга чейин Пакистанга жасалган дрон чабуулуна тиешеси бар экенин четке каккан. Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы чыңалуу акыркы күндөрү күчөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан