Биз социалдык тармакта

Жоламан Шаршенбеков өлкөгө Азия оюндарындагы алгачкы алтынды алып келди

Бүгүн, 1-октябрда Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков алтын медаль утту.

Ал финалда өзбекстандык Алишер Ганиев менен күрөшүп, 7:5 эсебинде жеңди. Шаршенбеков буга чейин түркмөнстандык атаандашын 8:0 эсебинде, түштүк кореялык балбанды 9:0 менен жеңген. Ал эми финалга чыгыш үчүн ирандык балбанды 10:0 эсебинде уткан.

Айта кетсек, Жоламан Шаршенбековдун байгеси Кыргызстандын быйылкы Азия оюндарындагы алгачкы алтын медалы болуп калды. Биздин балбан 60 килограмм салмакта күч сынашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан