Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты.
Ал жарым финалда ирактык балбан менен кез келип, 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди. Шаршенбековго жеңишти камсыздаш үчүн 40 секунд жетиштүү болду.
Балбаныбыз буга чейин түркмөнстандык атаандашын 8:0 эсебинде, түштүк кореялык балбанды 9:0 менен жеңген.