
Бүгүн, 2-октябрда
Эмирхан Жолдошказиев Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында дзюдо спортунан коло медаль үчүн күрөшөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, ал 100 килограммдан жогорку салмак категориясында күч сынашууда. Алгачкы беттешинде Тайбэйдин өкүлүн жеңип, чейрек финалга жолдомо алган. Чейрек финалда япониялык спортчуга 1:0 эсебинде жеңилип калган. Бирок көңүл жубатуучу беттеште Кытайдын өкүлүн 1:0 эсебинде жеңип, үчүнчү орун үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Айта кетсек, Азия оюндарында дзюдодон
Эрлан Шеров алтын байге үчүн күч
сынашат.