Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында спорттун дзюдо түрүнөн Эрлан Шеров финалга жолдомо алды.
Ал жарым финалда өзбекстандык атаандашын таза жеңди. Ага чейин алгачкы беттешинде шри-ланкалык дзюдочуну утса, чейрек финалда өзбекстандык спортчуну жеңген.
Айта кетсек, Эрлан Шеров 2023-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарынын чемпиону болуп саналат.