Депутат Дамира Ниязалиева "социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн социалдык жарнамаларды колдонуу керек" дейт

"Кыргызстанда социалдык жарнамалар эфирге аз чыгат, анткени баасы кымбат". Бул тууралуу ЖКнын билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин 18-декабрдагы жыйынында депутат Дамира Ниязалиева билдирди. Депутаттын айтымында, өлкөдөгү баңгилик, вирустук гепатит, ВИЧ илдетинин жайылышы орчундуу маселе жана андай социалдык көйгөйлөрдү жарнама жолу менен чечүү керек. "Эгер адам гигиенанын жөнөкөй эле эрежелерин сактаса, мындай оорулардан алыс болмок. ММК аркылуу социалдык жарнамаларды чагылдыруу зарыл. Бүгүнкү күндө 30 секунддук роликти бир ай эфирден кетирүүгө телеканалга 270 миң сом, радиого 180 миң сом, гезитке 200 миң сом төлөнөт. Бирок жарнаманын элге жетиши, жыйынтык берүүсү үчүн бир ай аздык кылат" деди Ниязалиева. Жыйынтыгында аталган комитет бул мыйзам долбоорун 1-окууда жактырышты. Белгилей кетсек, ЖКда "Жарнак жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана жеке менчик жарнама жайылтуучулар, коомдук ММКлар социалдык жарнамаларды акысыз чагылдырмакчы.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан