Биз социалдык тармакта

Трамп Иркутск облусундагы оору боюнча Орусияга жардам берүүгө даяр экенин билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп Иркутск облусунда кара тумоо катталганы тууралуу маалыматтарга байланыштуу Орусияга жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал кечээ, 5-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

"Биз жардам беребиз. Мындай көйгөйгө туш болгон ким болбосун, биз дайыма жардам беребиз",- деди Трамп Fox News телеканалына берген маегинде. Ал азырынча бул маселе боюнча Орусиянын бийлиги менен сүйлөшө электигин белгиледи.

АКШнын Мамлекеттик департаменти буга чейин Иркутск облусундагы жугуштуу оору тууралуу тараган маалыматтардын көбү тастыктала электигин билдирген.

2-октябрга караган түнү Орусиянын Иркутск облусунда 28 жаштагы кыз кара тумоодон (чума) каза болгону айтылган. Буга байланыштуу Кыргызстандагы бардык санитардык-карантиндик пункттардагы көзөмөл күчөтүлдү.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан