Орусияда кара тумоо оорусу катталганы тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргызстандын мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында алдын алуу иш-чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү.
Саламаттык сактоо министрлиги 4-октябрда билдиргендей, бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө.
"Санитардык-карантиндик пункттар, мамлекеттик чек ара аркылуу өтүп жаткан адамдарга, транспорт каражаттарына жана жүктөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүлөт. Ошондой эле жугуштуу оорулардын өлкө аймагына кирип келишине жана жайылышына жол бербөөгө багытталган профилактикалык иш-чаралар өткөрүлөт", - деп жазылат маалыматта.