Биз социалдык тармакта

Кезинде Камчыбек Ташиев карматкан 3 адам соттон акталды

Новопавловка муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчисинин мурдагы орун басары, Бишкектин Ленин райондук администрациясынын техкөзөмөлү жана "Орбитал-Строй" компаниясынын директору соттон акталды. Маалыматты бүгүн, 7-октябрда Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Белгилүү болгондой, чечимди шаардык сот 15-сентябрда кабыл алган. Алар Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөсүз деп табылышкан.

Эске салсак, былтыр 16-июлда УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектин Новопавловка айыл өкмөтүндөгү сапатсыз курулган сейил бакты жеринен текшерүүгө алып, аларды ошол жерден кармоону буйруган.







РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан