Бүгүн, 16-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектин Новопавловка айыл өкмөтүндөгү сейил бактын сапатсыз курулуш маселеси боюнча жерине барды.
Ал президенттин мамлекеттик акчаны туура эмес пайдалангандарга жаза катуу болорун айткан эскертүүсүн эске салып, айыл өкмөттүн башчысын, жана бир катар кызматкерлерди камакка алынууну буйруду.
"Баарын камакка алгыла. Айыл өкмөттөн баштап, жумуш аткаруучулар менен техкөзөмөл кызматкерлерине чейин. Алып кеткиле. Тергөө иштерин жүргүзүп туруп, баарын жоопко тарткыла",- деди ал.