Президент Садыр Жапаров Нарындагы көп балалуу үй-бүлөгө минивэн үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырды. Өлкө башчысы мындай күтүүсүз белекти Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрүн көрүп жатканда берди.
Ипотекалык компаниядан 3 бөлмөлүү батир алган жубайлардын 9 баласы бар. Алар 5 уул жана 4 кыз. Үй-бүлөнүн кожоюну милиция кызматкери болуп эмгектенет.
Эскерте кетсек, бүгүн, 7-октябрда Нарын шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынган көп кабаттуу батирлер президенттин катышуусунда жарандарга берилди.