Биз социалдык тармакта

Нарында 400дөн ашуун үй-бүлө батирлүү болду

Бүгүн, 7- октябрда президент Садыр Жапаров Нарын жана Кочкор районунда мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынган жаңы турак жай комплексинин ачылышына катышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, долбоорлордун алкагында Нарын шаарында 216 батирлүү, ал эми Кочкор районунда 217 батирлүү заманбап турак жай комплекстери пайдаланууга берилди. Үйлөрдүн аймагында балдар үчүн коопсуз оюн аянтчалары, тургундардын эс алуу жайлары, спорт менен алектенүүгө ыңгайлуу аянтчалар, унаа токтотуучу жайлар жана кеңсе бөлмөлөрү сыяктуу маанилүү инфраструктуралык объектилер курулган.

Мамлекет башчысы учурда өлкөнүн баардык аймактарында калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган курулуш иштери активдүү жүрүп жатканын айтты

"Нарын дубанындагы жаңы үйлөрдүн курулуп бүтүшү жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу боюнча ырааттуу ишибиздин кезектеги натыйжасы. Үйгө муктаж жарандарыбыз көптөн көп күткөн бул турак жайлар Нарын облусу үчүн маанилүү жетишкендик десем болот. Анткени ар бир батирдин артында бүтүндөй бир үй-бүлөнүн тагдыры, ой-кыялы жана өлкө жетекчилигине болгон ишеними турат", - деп баса белгиледи президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан