Бүгүн, 9-октябрда Кыргызстандын Эл артисти Гүлзинат Суранчиева 48 жашка толду. Ырчы бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Ырчы айымды жакындары куттукташууда.
Ал 1978-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жол-Колот айылында төрөлгөн.
Гүлзинат Суранчиева "Шантелл" тобунда ырдап жүргөндө "Өмүр", "Кош жылдыз" чыгармалары менен таанылган.
Мындан тышкары, ырчы кесипкөй пианист катары да белгилүү. Ал эл аралык сынактарга катышып, калыстар тобунун мүчөсү болуп, классикалык музыкалык чыгармаларды аткарып келет.
9-октябрдын жылнаамасы.