Бүгүн, 18-декабрда "Республика" фракциясынын депутаты Максат Сабиров ЖКнын Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында КТРКны сынга алды. Максат Сабировдун айтымында, КТРКда көрсөтүлүүчү "Көгүлтүр от" Жаңы жылдык программага катышуу үчүн артисттерден 8 миң сомдон чогултулуп жатат. Ошондой эле эл өкүлү КТРКнын Түнкү каналынын башкы режиссёру Канат Култаев жумушка дипломсуз жана аскер билети жок алынып, 20 жылдык тажрыйбасы бар режиссёрлордон экзамен алып жатканын айтып сындады. КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев Канат Култаевдин билимин текшерери тууралуу убадасын берди. Ал эми "Көгүлтүр от" Жаңы жылдык программасы тууралуу: "Бул программага катышуу үчүн артисттер телеканалдын кассасына 8 миң сом төлөш керектиги тууралуу чечим чыгарганбыз. Ансыз деле ал акчалар продюсерлердин чөнтөгүнө кетчү",- деди Кубат Оторбаев.