УКМК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын мурдагы башчысы Каныбек Досмамбетов кармалганы айтылууда.
Бул тууралуу бир катар басылмалар күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып жазышты. Алар кечээ, 9-октябрда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалышкан. Бирок азырынча расмий маалымат бериле элек.
Эске салсак, февраль айында Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалык кызматынан алынары менен аркасынан Курванбек Авазов да кызматынан бошотулган.
Февралда Каныбек Досмамбетов да саламаттык сактоо министри кызматынан алынган. Ал министр болгонго чейин УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап келген. Досмамбетов коомчулукка июль айында Жалал-Абаддын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүп, анда бир нече адамды карматканы менен таанылган.