Биз социалдык тармакта

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кызматтан алынды

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү байрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин социалдык тармактарда тараган аудиожазууда анын аты аталган.

Белгилей кетсек, Досмамбетов аталган кызматка өткөн жылдын 24-декабрында дайындалган. Ага чейин УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгын жетектеген.

Досмамбетов коомчулукка июль айында Жалал-Абаддын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүп, анда бир нече адамды карматканы менен таанылган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан