АКШнын президенти Дональд Трамп орусиялык кесиптеши Владимир Путинге дизелдик отундун ири көлөмүн жеткирүүгө макул болгону үчүн ыраазы экенин билдирди.
"Бул – ири келишим. Биздин өлкө абдан көп көлөмдө мунай алат. Ачыгын айтканда, мен президент Путинге ыраазымын", - деди ал жума күнү Вашингтондогу кабарчыларга.
Чет элдик басылмалар жазышкандай, Трамп келишимдин дизелдик отунга гана тиешелүү экенине өзгөчө кубанычта экенин кошумчалаган. Анткени АКШда учурда бул түрдөгү отунга суроо-талап өсүп жатат.