Биз социалдык тармакта

Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсү... Орусия АКШга ири көлөмдө мунай жеткирмекчи

АКШнын президенти Дональд Трамп жума күнү Орусиянын президенти Владимир Путин менен ийгиликтүү сүйлөшүү жүргүзгөнүн, анда Орусиядан АКШга жана эл аралык рынокторго дизелдик отун жеткирүү маселеси талкуулаганын жарыялады.

"Мен жаңы эле Орусиянын президенти Владимир Путин менен ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү аяктадым. Анда биз Орусия Америка жана эл аралык рынокторго дароо 300 миң тоннадан ашык дизелдик отун, ноябрь айында кошумча 500 миң тонна жана андан кийин дароо 1 миллион тонна жеткире тургандыгы жөнүндө макулдаштык", - деп жазды ал Truth Social соцтармагына.

Трамп Орусия кыска убакыттын ичинде кошумча 3 миллион тонна дизелдик отун экспорттой турганын кошумчалады.

Айта кетсек, эки лидердин телефондогу сүйлөшүүсү бир жарым саатка созулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан