Бүгүн, 10-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратына жаңы төрага Улан Кимсановду тааныштырды.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, Касымалиев Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, ведомствонун жаңы жетекчисине бажылык башкарууну мындан ары өркүндөтүүнү, ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну жана ведомство алдына коюлган милдеттерди сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылууга туура келерин баса белгилен.
Айта кетсек, кечээ күнү Алмаз Салиев мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынан бошотулган.