Алмаз Салиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгилесек, Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын май айында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган.
2026-жылдын май айында президент Садыр Жапаров ага "Бажы кызматынын генерал-майору" жогорку атайын наамын ыйгарган.