Биз социалдык тармакта

Путин Трампка Иран президентинин позициясын жеткирди

Орусиянын президенти Владимир Путин Ирандын чыр-чатакты чечүүнүн мүмкүн болгон жолу боюнча көз карашын АКШнын президенти Дональд Трампка жеткиргенин Дмитрий Песков билдирди.

Ал журналисттерге Путин Түркмөнстандагы саммитте Иран президенти Масуд Пезешкян менен эки жолу жолугушуу өткөргөнүн, анын жүрүшүндө Путин Ирандын президентине АКШнын президенти менен боло турган телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу маалымат бергенин айтты.

"Андан кийин Ирандын президенти менен макулдашып, Путин Трампка чыр-чатакты чечүүнүн мүмкүн болгон жолу боюнча Ирандын көз карашын жеткирди", - деди Песков.

Бирок Тегерандын жаңжалды чечүү боюнча айткан позициясын ачыктаган жок.

Айта кетсек, Путин менен Трамптын телефон сүйлөшүүсү кечээ, 9-октябрда болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан