Орусия президенти Владимир Путин менен АКШнын лидери Дональд Тармп кечээ, 9-октябрда телефондо сүйлөшүү өткөрүштү. Сүйлөшүү бир жарым саатка созулганын чет элдик басылмалар жазышты.
Сүйлөшүүдө Трамп Путинди туулган күнү менен куттуктап, биринчи айымдын саламын жеткирген. Андан соң Украинадагы кырдаал жана Ирандын айланасындагы абал талкууланган. Ошондой эле Орусиядан АКШга мунай заттарын жеткирүү боюнча макулдашуулар болгон.