"Россия сегодня" маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньянга кыргызстандык келинге асырап алган уулунун дарылануусуна жардам берген.
Буга чейин Симоньян 21 жашында төрөт учурунда баласын жоготкон келиндин видеосун көрсөткөн.
«Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калышкан, бирок жатынды алып салууга аргасыз болушкан. Ошондон кийин Уля күйөөсүнө башка үй-бүлө куруп, балалуу болушу үчүн ажырашууну сунуштаган. Кийинчерээк ал бир баланы асырап алган. Азыр бала 11 жашта, анын ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр бар. Уля уулун жалгыз тарбиялап, багып келет», — деген Симоньян.
Жаңы жарыяланган видеодо кыргызстандык келин кубанычтан көзүнө жаш алып, көрсөткөн жардамы үчүн башкы редакторго ыраазычылык билдирген.