"Россия сегодня" маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньянга үч кыргызстандык кыз маникюр жана педикюр кызматын көрсөтүү үчүн келишкен. Алардын биринин оор тагдыры тууралуу Симоньян видеодо айтып берди.
"Жаран бала багуу, үй куруу үчүн акча табууга аракет кылып жүргөнүн, анын үстүнө балдар үйүнөн дагы бир кызды асырап алууну көздөгөнүн укканда күзгүдөн өзүңдү карап: “Наалыганды токтот! Ордуңдан туруп, иште!” деп айтасың",- деген Симоньян.
Ал ошондой эле кыргызстандык айымдын асырап алган уулун дарылоого жардам берерин билдирди.