Депутаттар Кусейин Карасаевдин музей-комплексин ачууну колдоого алышты

Парламенттин Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин 18-декабрдагы жыйынында депутаттар Кусейин Карасаев атындагы мемориалдык музей-комплексин ачуу маселесин карашты. Бул демилгенин автору, депутат Максат Сабировдун айтымында, буга чейин аталган музейди куруу иши башталып, бирок атайын макамдын жоктугунан токтотулуп калган. Белгилүү болгондой, бул музей-комплекс Ысык-Көл облусунун Пристань айылында, тактап айтканда, Николай Пржевальский атындагы комплекстин ичинде жайгашып, аянты 5 гектарды ээлейт. Бул демилгени депутаттар колдоого алышып, Кусейин Карасаевдин кыргыз элине кошкон үлүшүн баса белгилешти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан