Биз социалдык тармакта

Депутаттын мандат маселесин көтөргөн юрист УКМКда сурак берди (видео)

Парламенттин депутаты Айсаракан Абдибаеванын мандатын чакыртып алуу боюнча кол топтолгон арызды Жогорку Кеңешке тапшырган юрист Адилет Мерканов УКМКга сурак берип чыкканын билдирди.

"УКМКда эки жарым саат болдум. УКМКнын кызматкерлери ар тараптуу, объективдүү карап жатышат, андыктан азамат. Мен өз позициямды айттым, болуп жаткан нерсе эл тарабынан көтөрүлгөнүн билдирдим. Ошол УКМКга арыз жазган экен, биз да ага карата доо арызыбызды бердик. Мени сотко берип жатышканын да айттым",- деди ал соцтармактагы баракчасы аркылуу жасаган билдирүүсүндө.

Эске салсак, интернет желесинде Айсаракан Абдибаеваны депутаттык мандатынан ажыратууга кол чогултуу жүргөн. Аны парламентке Адилет Мерканов тапшырган. Абдиева 7-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында көтөргөн маселеси башка нукка бурулуп кеткенин айтып, буга кызыкдар болгон тараптарды аныктоо боюнча УКМКга кайрылганын билдирген. "Эл коррупцияга каршы жана демократиялык өзгөрүүлөр үчүн" коомдук бирикмеси Меркановдун үстүнөн Бишкектин Свердлов райондук сотуна доо арыз жазган.

Депутаттын мандат маселесин көтөргөн юрист УКМКда сурак берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан