Биз социалдык тармакта

Депутаттын мандат маселесин көтөргөн юристтин үстүнөн сотко арыз жазылды

"Эл коррупцияга каршы жана демократиялык өзгөрүүлөр үчүн" коомдук бирикмеси парламенттин депутаты Айсаракан Абдибаеванын мандатын чакыртып алуу боюнча кол топтолгон арызды Жогорку Кеңешке тапшырган юрист Адилет Меркановдун үстүнөн Бишкектин Свердлов райондук сотуна доо арыз жазды.

Доо арыздын нускасын коомдук бирикменин төрагасы Бекболот Калыбеков соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Анда эл өкүлү парламентте коомдук бирикменин сунушун көтөргөнү белгиленет. Ошондой эле юрист интернет желесинде депутаттын сөздөрүн бурмалоо менен өз ишин жүргүзгөнү, эл өкүлүнүн ар-намысына шек келтиргени айтылат. Доо арызда Меркановдун айткандарына юридикалык баа берүү керектиги кошумчаланган.

Эске салсак, интернет желесинде Айсаракан Абдибаеваны депутаттык мандатынан ажыратууга кол чогултуу жүргөн. Аны парламентке Адилет Мерканов тапшырган. Абдиева 7-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында көтөргөн маселеси башка нукка бурулуп кеткенин айтып, буга кызыкдар болгон тараптарды аныктоо боюнча УКМКга кайрылганын билдирген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан