Кечээ, 16-октябрда Баткен облусунун Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен 48 жаштагы жарандын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин облус башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, жалпы издөө иштерине 34 киши, 5 даана дрон тартылды. Эркек кишинин табылган сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Эскерте кетсек, карагашалуу окуя 10-августта катталып, ошондон бери издөө иштери жүрүп келген.