
Баткен районунда Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен жаран 44 күндөн бери табыла элек. Бул тууралуу ӨКМдин аймактагы башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, бүгүн, 23-сентябрда издөө иштерине жалпы 18 адам, 2 дрон тартылды.
Эске салсак, 10-августта аталган дарыяга 48 жаштагы эркек киши агып кеткен.