Бишкекте алты унааны сүзгөн автобустун айдоочусу наркологиялык текшерүүдөн өткөндөн кийин каттамга чыккан. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы билдирди.
Маалыматта айдоочу ошол күнү эртең менен саат 07:30да наркологиялык текшерүүдөн өтүп, ага жол баракчасы берилген. Жол кырсыгынан кийин жол тескөөчүлөр айдоочуну алкоголдук мас абалын аныктоо жана окуянын жагдайларын тактоо үчүн атайын медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө алып кетишкен. Айдоочунун жанында болгон документтер, анын ичинде жол баракчасы да кызматкерлер тарабынан алынган.
Эске салсак, кечээ, 15-октябрда борбор калаада №38 автобустун айдоочусу мас абалында алты унааны сүзүп кеткен. Калаа мэриясы эл ташыган автобустун катышуусунда болгон жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын кабарлаган.