Биз социалдык тармакта

Бишкекте мас айдоочу эл ташыган автобус менен 6 унааны сүздү 

Бишкекте эл ташыган автобустун айдоочусу алты унааны сүзүп кетти. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 15-октябрда саат 20:40 чамасында Чүй кең көчөсүндө болгон. 41 жаштагы жаран мас абалында №38 каттамдагы автобусту айдап бара жатып Kia K5, BMW X5, Changan, Kia K7, Toyota Camry жана Honda Accord үлгүсүндөгү унааларды сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен төрт жаран жабыркаган. Алардын экөөсүнүн баш мээси чайкалган деген диагноз менен медициналык жардам алышса, эки жаран көкүрөк жана моюн бөлүктөрүнөн жаракат алып, ооруканага кайрылышкан.

Учурда аталган жол кырсыгы боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан