Манас Саматов, коомдук ишмер: “Бажы биримдигине кирсе, Кыргызстан Орусиянын жетегинде калат”

“Бажы биримдигине кирсе, Кыргызстан Орусиянын жетегинде калат”,- деп билдирди коомдук ишмер Манас Саматов 4-февралда КТРКдагы түз эфирде. Айтымында, Бажы биримдиги – жат мамлекеттер тарабынан Кыргызстанга таңууланып жаткан долбоор.

“Бажы биримдигине кирүүдө ар бир кыргызстандыктын кызыкчылыгы эске алынышы зарыл. Жылкы жандуу кыргыздын тизгини өз колунда болушу шарт, ошондо гана атты каалагандай минет. Тизгинди башка бирөөгө берсек, демек, жетеленмебиз. Анан да бул маселени референдум аркылуу чечүүгө болбойт, анткени референдум эч качан таза өтпөйт”,- дейт Саматов.

Экономика министринин орун басары Данил Ибраев биримдикке кирүүнүн терс жактары бар экенин, бирок пайдасы көптүгүн айтат. “Баалар тегиз кымбаттабайт, белгилүү бир товарлардын баасы өсөт. Буга даяр болуш керек. Кыргызстан учурда улуттук кызыкчылыктарды кантип коргоонун үстүндө иштеп жатат”,- деди министрдин орун басары. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан