Өзбекстандын биринчи айымы Зироат Мирзиёева менен кызы Саида Мирзиёева Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын кийимине суктанган учуру тартылган видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Анда алардын "сулуу, абдан сулуу көрүнөсүз" деп айтып жатышканын угууга болот.
Белгилей кетсек, Айгүл Жапарова кечээ, 21-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарына барып, балдардын бакубаттуулугуна арналган бүткүл дүйнөлүк саммитке жана балдар онкологиясы боюнча II эл аралык конгресске катышты.