Өлкө башчы Садыр Жапаров жер мунапысын аткарууда бийлик өкүлдөрүнө эскертүү берди.
Мамлекет башчысы жер мунапысында белгиленген мөөнөттөн кийин курулуп калган үйлөрдү да мыйзамдаштыруу аракеттери бар экенин белгиледи.
"Жок жерге үч, беш күндүн ичинде үй салдырып жибербегиле. Чүйдө, Ошто ошондой болду. Акимдер өздөрү "могу жерге уруксат берейин, сала кал" деп туруп, курулуш кылдырып жиберип жатышат. Анан, "20 жылдан бери жашап жатам" деп алдашат. Спутниктен баарын көрсө болот. Азыр техниканын заманы", - деди президент кечээ, 23-октябрда Майлуу-Суу шаарынын жана Ноокен районунун эли менен болгон жолугушуусунда.