Жалал-Абаддын Кара-Жыгач – Сары-Челек унаа жолу оңдолууда.
Транспорт министрлигинин 23-октябрда тараткан маалыматы боюнча, жалпы жолдун узундугу 30 чакырымдан ашык. Анын 10 чакырымына асфальт толук төшөлгөн. Ошондой эле суу өткөрүүчү түтүктөрдү жана бетон курулмаларды орнотуу иштери аяктаган.
Эми 15 чакырымдык бөлүгүн жакшыртуу максатында жолду тегиздөө жана кеңейтүү жумуштары акыркы баскычка чыгып калган. Жумуш 99 пайызга аяктаганы кабарланды.