Биз социалдык тармакта

Президент салынган жолдордун сапатында кемчиликтер бар экенин айтты (видео)

Өлкө башчы Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы эл менен болгон жолугушуусунда Транспорт министрлиги тарабынан салынган жолдордун сапатында көйгөй бар экенин айтты.

Президент буга министрликтин жол салуудагы тажрыйбасынын аздыгы себеп экенин билдирди.

"Блогерлер "мына, могу жердин асфальты сыйрылып жатат" деп, Транспорт министрлиги салган жолдун кемчиликтерин таап жатышат го. Чынында эле андай кемчилик бар. Анткени, Транспорт министрлиги асфальт баса баштаганы төрт жыл эле болду. Жолдо толкун дагы бар. Кытайлык компаниялар жасаган жолдор түптүз. Бирок бара-бара Транспорт министрлиги да аларга жетет да. 5-10 жылда тажрыйба топтойт", - деди мамлекет башчы.

Президент салынган жолдордун сапатында кемчиликтер бар экенин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан