Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыповго алдамчылык боюнча козголгон кылмыш иши токтотулду. Маалыматты бүгүн, 24-октябрда Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.
Кылмыш иши 22-октябрда эле токтотулган. Себеби ал күнү арыздануучу Жакыпбековго карата тосмо арыз жазган. Анда ал шаардык кеңештин депутаты келтирилген зыянды толугу менен төлөп бергенин билдирген.
Буга чейин Жакыпбековдун кармалып, кайра үй камагына чыкканы белгилүү болгон.