Биз социалдык тармакта

"Космостук медуза". Кытайдын ракетасы асманда өзгөчө кооздукту пайда кылды (видео)

Кытайдын "Чанчжэн-6А" ракета алып жүрүүчүсү спутникти орбитага чыгаргандан кийин асманда өзгөчө көрүнүш пайда болду. Учакта бараткан жүргүнчүлөр бул көрүнүштү видеого тартып алышкан. Кадрлар социалдык тармактарга тарады.

Кытайдын борбордук телеканалынын маалыматына ылайык, ракета 23-октябрда учурулуп, спутник орбитага ийгиликтүү чыккан.

"Асманда пайда болгон жаркыраган, медузага окшош көрүнүш "космостук медуза" деп аталат. Ал ракетанын түтүнү жана газдары бийик атмосферага чыгып, Күндүн нурларына чагылышканда пайда болот. Бул көрүнүштү Кытайдын бир нече аймагынын тургундары да байкашкан",- деп белгиленген чет элдик басылмалардын маалыматында.

Айта кетсек, жакында АКШнын Флорида штатында да дал ушундай кооздук пайдо болгон.

"Космостук медуза". Кытайдын ракетасы асманда өзгөчө кооздукту пайда кылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан