Бүгүн, 26-октябрга караган түнү саат 02:21де өлкө аймагында жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Ничке айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышта, Кызыл-Өзгөрүш айылынан 18 чакырым чыгышта жана Токтогул шаарынан 62 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөө Кызыл-Өзгөрүш, Ничке жана Сары-Булак айылдарында 2 баллга чейин сезилген.