Биз социалдык тармакта

"Кабыргасы сынып, өпкөсүнө сайылган..." Чаткалдын тургуну атасынын өлүмүнө УКМКны айыптады (видео)

Кечээ, 25-октябрда президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Чаткал районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди.

Жолугушууда тургун президентке кайрылып, атасынын өлүмүнө УКМК кызматкери күнөөлүү экенин айтты. Анын атасы 2025-жылы атайын кызмат тарабынан кармалып, бирок кийинчерээк каза тапкан. Ал айылдык кеңештин депутаты жана төрагасы болгондугу маалымдалды.

"Ошол учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери айыл өкмөттөрдүн бириктирилиши боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзбөстөн, атамдан мөөрдү алууга аракет кылышкан. Бирок атам "эл макул болсун" деп мөөрдү берген эмес. Укук коргоо органдары атамды Ала-Бука районундагы тергөөгө алып барып, ур-токмокко алышкан. Ур-токмоктон улам атамдын кабыргасы сынып, өпкөсүнө сайылган",- деди ал.

Тургун атасы Ош шаарындагы ооруканада алган жаракатынан улам каза тапканын кошумчалады. Ошондой эле ур-токмокко алган кызматкер азыр башка жакта иштеп жаткандыгын белгиледи.

Бул окуя боюнча президент Садыр Жапаров башкы прокуратурага УКМКнын ошол кездеги кызматкерлеринин аты-жөнүн тактап, бул ишти кайрадан териштирүүнү тапшырды.

"Кабыргасы сынып, өпкөсүнө сайылып калган". Чаткалдын тургуну атасынын өлүмүнө УКМКны күнөөлөдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан