Кечээ, 25-октябрда президент Садыр Жапаров Чаткал районунун тургундары менен болгон жолугушууда айыл өкмөттөрдү оптималдаштыруунун натыйжасында жылына ондогон миллиард сом үнөмдөлүп жатканын билдирди.
"Бизде мурда 463 айыл өкмөтү бар эле, азыр 230га түштү. Эмне үчүн оптималдаштырдык? Анын пайдасынан жылына ондогон миллиард сомдорду үнөмдөдүк. Элестеткиле, 463 айыл өкмөтү 463 унаа минет эле, 463 имаратта отурат эле. Алардын аппараттары маяна алмак, эмгек өргүүсүнө чыкмак, унаамды оңдоп жатам деп акча алмак. Ал акчанын баары силердин бюджеттин акчасы, силердин чөнтөгүңөрдөн түшкөн акчалар. Ошон үчүн биз оптималдаштырдык",- деди өлкө башчысы.
Президент ошондой эле бийлик тарабынан жасалып жаткан аракеттерге тоскоол болбой жардамдашуу керектигин кошумчалады.