Орусиянын президенти Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Орусия, АКШ жана Кытай лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусуна даярдык башталганын билдирди. Анын айтымында, Москва, Пекин жана Вашингтон жолугушууну өткөрүүгө жалпысынан даяр. Бул тууралуу ал "Вести" телеканалына билдирди.
The Wall Street Journal басылмасынын маалыматына караганда, Путин мындай жолугушууну өткөрүү идеясын 9-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө сунуштаган. Жолугушуу 18-19-ноябрда Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтө турган Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун (АТЭС) саммитинин алкагында уюштурулушу мүмкүн.
Трамп үч тараптуу жолугушууга катышууга каршы эмес экенин билдиргени кошумчаланды. Бирок ал сүйлөшүүлөр Украина маселеси эмес, өзөктүк курал боюнча болушу керектигин белгилеген.