Өзбекстанда мектеп окуучулары, мугалимдер, студенттер жана бала бакча тарбиячылары психологиялык текшерүүдөн өтүп турушат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Өзбекстандын президентинин жарлыгына ылайык, диагноз жүргүзүү үчүн атайын электрондук платформа иштейт. Ошондой эле ар бир жарандын изилдөө учурунда алынган маалыматтары купуя сакталары айтылды.
"Аталган платформа жасалма интеллекттин жардамы менен иштейт. Анын алкагында ар бир билим берүү мекемесинин психологу жана ошол аймакта эмгектенген психолог-насаатчы биргеликте иш алып барат",- деп маалымдалды.