Биз социалдык тармакта

Президент Тогуз-Торо районунун абалы менен таанышты

26-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Тогуз-Торо районунун 2021-2026 жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

"Райондо 5 жыл аралыгында 33 социалдык жана инфраструктуралык объект курулуп, капиталдык ондоодон өткөн. Ошондой эле ишкерлер тарабынан 8 объект ишке киргизилип, 160,2 миллион сом инвестицияга тартылган жана 86 жумуш орду түзүлгөн. 2026-жылы жалпы 133 миллион сомдук үч долбоорду ишке ашыруу башталып, 48 жумуш ордун түзүү пландалган.

Дагы бир артыкчылыктуу долбоор - Казарман айылын таза суу менен камсыз кылып, саркынды суу системин калыбына келтирүү. Долбоордун болжолдуу наркы 300 миллионду түзөт",- деп деп белгиленди маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан